"Тоң районунда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого туш болду" делген жигит соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
"Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынды делген Тоң районунун тургуну Урмат Кубанычбековдун атасы Кубанычбек Асанов аймактык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин атына кат жазган. Анда ал "милиция кызматкерлерине арыз-доом жок, уулум соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартат" деп билдирген жигиттин атасы",- деди Усубакунов.
Айта кетсек, 2015-жылдын 30-декабрь күнү Тоң районунун Урмат Кубанычбеков аттуу тургунунун үйүнө милиция кызматкерлери келишип, аны ээн талаага алып кетишкен. Алар аны үндүк уурдаганын мойнуна алдыруу үчүн кычкач менен кыйнаганы тууралуу маалымат тараган эле. Азыркы тапта бул факт боюнча Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө.