ЖКда карышкыр, чөөлөрдү атуу маселеси талкууга коюлду

Бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Маалыматка ылайык, киреше бөлүгү 86,2 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 103,2 миллиард сом суммасында 2013-жылдын бюджетин бекитүү сунушталууда. Ал эми келерки жылдын тартыштыгы 16,9 миллиард сом суммасында белгиленүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Ветеринария департаментинен эмдөө өнөктүгүнө багыттала турган 10 миллион сом, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен зыянкеч жырткычтарды (карышкыр, чөөлөр) атууга делген 9,5 миллион сом жана башка кыскартуулар 2013-жылдын бюджетине киргизилип жаткандыгы белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан