Кыргызстандагы балдар
үйлөрүнүн
өкүлдөрү бийликтегилерди мыйзамды сактап, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө турак жай бөлүп берүүсүн өтүнүшүүдө. Жалал-Абад облустук балдар үйүнүн өкүлү Алексей Мязиндин айтымында, балдар үйүнөн тарбияланып чыккандар үй-жайсыз көчөдө калышууда.
"Мамлекет көчөдөгү селсаяктарга имарат куруп берип, аларды багып жатат. Ал эми жетим балдар көчөдө калышты" деп Кыргызстандагы башка балдар үйлөрүнүн өкүлдөрүнүн жана өзүнүн атынан нааразычылыгын билдирди.