Чоң турмушка аттанган секелек кыздар (фото)

Стэфани Синклер аттуу сүрөтчү 14 жылдан бери жаш кыздардын ой-боюна койбой күйөөгө берилип жаткан учурларды чагылдырып, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракетин көрүп келет. Ал 2012-жылы "Турмушка чыгуу үчүн өтө жаш" бейөкмөт уюмун түзгөн. Уюм бул көйгөйлөрдү жоюу үчүн иштейт. Дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондой кыз жашы жетпей турмушка чыгат. Мындай окуялар көбүнчө Африка өлкөлөрүндө жана Түштүк Азияда болот. Үйлөнүү той бүткөндө кыздар күйөөлөрү менен жаңы турмушка аттанышат.

"Мен аны көргөн сайын жашынчумун. Аны көргөндө жийиркенчүмүн",- дейт Тагани (кызгылт кийимчен). Ал 25 жаштагы Маджидге күйөөгө чыккан кезинде 6 гана жашта болчу. Бул сүрөттө анын классташы Гхада да өзүнүн күйөөсү менен.

15 жаштагы Арасели баласы менен, 2014-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун 2012-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча Гватемалда күйөөгө тийгендердин 30 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыккандар. Бул жакта өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугу күч алгандыктан, 14 жашка чейинкилерди операция жолу менен төрөтүү милдеттендирилген.2007-жыл, январь айы. Непалдагы Катманду өрөөнүндөгү Кагати айылында 16 жаштагы Сурита Шрешта Бишаль Шрештага күйөөгө чыгып, аны менен кошо өзүнүн үйүнөн кетип жаткан учуру. Сурита каршылык көргөзүп ыйлап жатат. Индуисттердин көбү этек кири келе элек кызга үйлөнгөн адамдын үйүнө кут кирерине ишенишет.

2007-жыл, 23-январь. Непал, Катманду, Кагати айылындагы үйлөнүү той. 17 жаштагы Дурга Бахадур Балами 9 айлык боюнда бар Нирута Бахадур Баламинин башына кызыл упа себүүдө. Нирута келечектеги күйөөсүнүн үйүндө жашап, ага турмушка чыга электе эле боюна бүтүп калган.

Сүрөт тартылган кезде Асия 14 жашта болчу. Жаңы төрөлгөн кызын жуунтуп жатат, 2 жаштагы кызы ойноп отурат. Асия төрөттөн кийин калыбына келе албай, ден соолугу начарлаган. Анын же билими жок, же ден соолукту чыңдоо тууралуу маалыматтары жеткиликтүү эмес.

Эки жаш эне "Самбуру кыздары" фондунун унаасында баратышат. Алардын уруусунун башчылары менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин фонддун өкүлдөрүнө кыздарды алып кетүүгө уруксат беришкен. Бул кыздардын балдарын өлүм күткөндүгү үчүн алар качууга аргасыз болушкан. Самбуру элинде жаш жоокерлерге үйлөнүүгө тыюу салынган. Андай жоокерлерге төшөктөгү кызыкчылыктарына колдонууга атайын кыздар бар. Ал кыздардын эне болууга укугу жок. Эгер алардын боюна бүтүп калса, мажбурлап боюнан алдыртышат же төрөттөн кийин ымыркайды өлтүрүшөт.

Нуджод Али 10 жашында аны кыйнаган өзүнөн бир топ улуу күйөөсүнөн Йемендин борбору Санадагы сот имаратына качып барган. Күйөөсүнө моралдык зыяны үчүн 200 АКШ долларын адвокаты төлөп берген. Нуджод Али ажырашып, мектептеги окуусун уланткан. Аны бул эрдиги аялдардын укугун коргогон улуттук баатыр кызына айланткан. "2008-жылдын мыкты аялы" наамына ээ болгон.

Кандагардык полиция кызматкери Малалай Какар 15 жаштагы аялын багынбай койгондугу үчүн бычактаган адамды камакка алган учуру. "Аны эч жазага тартышпайт. Бул жакта эркектер - хан",- деген Какар талибдер тарабынан өлтүрүлгөн.

Сүрөттө Раджани болгону 5 жашта болчу. Аны уктап жаткан жеринен атасы ойготуп үйлөнүү тоюна алып бара жаткан учуру. Индияда жаш балдарды үйлөндүрүүгө тыюу салынган, андыктан кичинекей балдардын никесин таң ата электе кыйышат. Андай учурлар айылдын же кыштактын сыры бойдон каларын жергиликтүү тургун айткан.

Раджани жана анын күйөөсү ыйык оттун алдында баш кошушууда. Салт боюнча жаш келиндер бойго жеткенче өз үйүндө жашай беришет, экинчи ирет той өткөрүлүп, күйөөсүнүн үйүнө кетишет.

Индиянын Ражастан штатында жашаган Сунилди ата-энеси 11 жашында күйөөгө беришмек. Анда Сунил алар тууралуу полиция кызматкерлерине жеткирерин айтканда, ата-энеси кайра күйөөгө берүү ойлорунан кайтышкан.

Ооганстан. Мажаббин Мохаммед (солдо), 13 жашта, күйөөсү жана анын биринчи аялы менен.

Индия, Ассам штаты. Хасина күйөөсү Али менен. Ал 13 жашында турмушка чыккан, сүрөткө түшкөн учурда ал 14,5 жашта жана анын 5 айлык боюнда бар.

Палестина, Газа сектору. Жашы жете элек курактагы кыздардын катышуусундагы массалык үйлөнүү.

Йемен, Качкын аялдардын борбору. Күйөөсүнөн качып кеткен 14 жаштагы Дебриту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
admin_portal
2016-02-23 17:37:36
tasuluu, kirgizstan, Musabaeva, саламатсыздарбы!
Дагы бир ирет аракет кылып көрсөңүздөр.
0
kirgizstan
2016-02-23 18:02:02
admin_portal,рахмат эми корсотуп калды толугу менен
+2
mersedes2013
2016-02-23 17:38:01
Бизде Кыргызстанда да аябай жаш кыздар турмушка чыгуу кобойду.Ушул нерсеге тыюу салынса.Андан да акыркы 5.6жылда улуу адамдарга чыккандар да коп.Азыр жаш куракка бизде коп маани берилбей калды.Тен тени менен болгон жакшы го дейм.Кыздар 20жашта турмушка чыкса деле баарына жетишет.
+5
Pandora
2016-02-24 03:51:53
mersedes2013,Кой 5-6 жаш чондорду жон эле койгула,15-20 жашты айткыла.Менин деле жолдошум 5 жашка чон менден.
0
Begimkyz
2016-02-23 18:27:57
Эми алар деле салт,санаасына баш ийишсе керек да. Сүрөтчүгө рахмат демекмин. Ушуга окшогон өлкөлөргө билим, маданият деген түшүнүктөрдү жеткириш керек. Болбосо аял байкуштарга эле кыйын, и так турмуштун 70% оор жүгүн артып жүрүшөт.
+4
azazda
2016-02-23 18:52:37
Аялдардын укугун коргош керек! Аял деген сен экообуз энебиз, эже карындаш кызыбыз! Бар болгула аял заты!
+4
Drongo
2016-02-23 19:08:41
Ушул сыяктуу терс корунушторду чагылдырган окуяларды,массалык маалыматка чыгаруунун кереги деле жок.Анткени,жан дуйносу сокур,тушунугу жок акылы билими тайкы кээ эркетер туура эмес тушунуп калышы мумкун.
-2
azazda
2016-02-23 20:36:35
Drongo, тексеринче кобуроок чыгарыш керек
+2
azazda
2016-02-23 20:35:31
Ал
0
Arti
2016-02-23 22:52:34
Жакында эле Нарында 14 жаштагы кыз коз арды. Бирок бул жака кошулбай калат экен.
+2
Nazikbaigazy
2016-02-24 01:29:56
Ой тооба ушундайда болобу, кудайга мин мертебе Рахмат кыргызстанда туулуп осконумо, озбекстанда да жаш кыздар турмушка чыгышат, каримов закон киргиздиго 20 жаштан жогорулар турмушка чыга алат деп
+1
Niyazbek Torobekov
2016-02-24 02:49:06
Кыргыздын жигиттерине рахмат дегиле анчалык жапайы болбогонуна))))
0
Niyazbek Torobekov
2016-02-24 02:52:44
Биринда рахмат айтпайсынар а бизге))жакшылаап изилдесенер кыргыздын жигиттери кобураак сыйлап урматтайт башкаларга караганда дебеле мактана берейин)) чынында ошондойбуз!!
-4
Pandora
2016-02-24 03:54:14
Niyazbek Torobekov,Оой башым жерге тийгенче ийлип таазим кылфп жатам.
0
Santanna
2016-02-24 16:07:51
Niyazbek Torobekov,Озуну мактагандан оло кач )) оба аябай эле сыйлайсынар ошолордун бири москвадагы патриот жигиттер туура айтыпсын )) эми олбогудой элесинер ))))
+2
Nukitaigoo
2016-02-24 09:35:42
Тобо кылдым,балалуу болушканда ,кантип курсагын тойгузушат,энесинин жашы 12 жашта болсо?
+1
Zubi91
2016-02-24 09:52:40
Азыркы биздин кыздар 20 жаштан жогору тийип алып дыгы уй-булону жакшы алып бара албайт,бойунан тушуа калып же башка себептер ушул кыздардан сабак алыш керек экен!!!
+1
89elnura89
2016-02-24 14:20:54
Жыныстык катнаш эмне экенин, эне болуу, уй- булоо,турмуш эмнелигин кайдан билмек. 13-14 жаштагы оздоруда бала куракта болсо. Бул да ата - энелеринин карангылы.
+2
aselushka
2016-02-24 17:02:33
ананди катышкан киного ишенбедим эле.эми ишендим
-1
KursKG
2016-02-25 01:14:42
Ооганстанда жашаган кыргыздарды да корсотконго откон жылдары, аларда да бар экен эрте эле кыздарын куйоого берип койушат экен, Кыргызстан аларга жардам кылды окшойт чамасы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан