"Заңдап койгончо сабалган 18 жаштагы жоокер баламды дарыгерлер "психикалык оорулуу" деп коюшту" дейт жабырлануучунун атасы

"Төрт жоокер жана ротанын улугу тарабынан кур менен заңдап койгончо сабалган" делген 18 жаштагы жоокер Нурпайыз Дүйшөнбековду дарыгерлер "психикалык оорулуу" деп коюшту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун атасы Камчыбек Жумакадыров билдирди.

"Уулумдун сабалышы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 3 дарыгер уулумдун сабалышы боюнча жыйынтык чыгарышып, "психикалык оорулуу" деп айтышты. Эми жума күнү колума алып келип беришет экен. Сабалганы боюнча эч нерсе айтылбай, Оштун Аскер прокуратурасы эч нерсе таппай калды. Медициналык-санитардык бөлүмүнүн дарыгери "тескерисинче, уулуңуз төшөккө заара кылып койчу, оорулуу болгондуктан жетелеп, карап жүрчүбүз" деди. Бул аскер оорукана же курорт эмес да. Оорулуу болсо ушул убакытка чейин эмнеге кармап жүрүштү? Эмнеге уулум оорулуу болсо аскерге алып кетишти? Аскер комиссариатында ден соолугу текшерилип, аскердик милдетти өтөөгө жарамдуу болгон үчүн кеткен болчу да",- деди жоокердин атасы.

"Балам мага бүгүн ким сабаганын айтты. Алар төрт жоокер: Кулмырзаев, Исаев, Жороев, Абдыкадыров жана ротанын улугу Ильич Таштанов. Таштанов балама келип "Арыз жазба, жетим балдарды карап жатам. Мен кесилип кетсем, балдарымды ким карайт?" деп айтыптыр. Уулум мен баргандан кийин арыз жазды",- дейт Жумакадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
jusupova
2016-02-24 00:23:21
Андай болсо медкомиссиядан откоргон мед. кызматкерлерге чараа коруш учун арызданыш керек, аскерге алына электе соо болуп, аскерге келгенде ооруп калмак беле, частагы врачтарга дагы арызданыш керек, ооруп жатса эгер службасын уланта бергенге, мындай закондо жок да, военный прокуратура деген иштейби озу???
+4
Kroxa
2016-02-24 00:29:57
Акмактар кайсы Ата-эне чыдап баласын аскерге жонотот анан...аскеркомиссариатына 1000 жолу наалат айтса да аздык кылат....
+4
Kroxa
2016-02-24 00:31:05
Айбандан айырмасы жок жырткычтар...
+3
Svoboda83
2016-02-24 00:44:35
Ротанын улугу арыз жазба жетим балдарды карап жатам дейсин кесилип кетиштен корксон башында ойлонушун керек эле тортоон кой дегендин ордуна озу кошулуп сабаптыр Эми кылган иштерине мыйзам аркылуу жазасын алышышы керек жумуштан четтетилиш керек эркек эмес экен бири да юбка кийип алып журушсун бироону бешоолоп сабашып уят эле Бирме бир чыгышпайбы кыйын болушса катуу жазаларын алышсын ошондо мындай иш башка кайталанбайт сабалган жоокерибизге Аллахым шыпаасын берип ден-соолукта болуп омуру узуун болсун.
+3
Muttlu
2016-02-24 00:46:26
Эч качан оңолбой калдыкко менин инимди бутунда варикозу бар деп майда кан тамырдын жарылганын көрүп аскерден артка кетиришкен,болбогон окшошпогон калпты айткандарын кара жетелеп жүрчүбүз деп Аллахым жазаасын берсин
+3
kobra86
2016-02-24 01:16:14
Оо астагфирлох не деген шумдук соо аскерди оорулу болчу деп соо элди жинди деп атасынарбы? оорулу болгондо ата энеси эле жибермек эмес.Шоордум десе ата энесине Аллахым сабыр берсин баласы корбогондой болуп айыгып кетсин!
+1
avaz-t02
2016-02-24 02:21:12
Ага инилери барып чакыртып алып чыгып куноолуулорду ээн жерге алып барып алып шашпай эсептешип койгула! Башкалар да билип журсун эртенкисин!
+2
mersedes2013
2016-02-24 04:50:35
Бул нерсени унчукпай койбостон бара турган жерге чеин барып тубуно жетиш керек.Президентке кат жазсын.Жазалансын баары!!!Офицерди каматыш керек.Эгер ишти тим эле жаап койсо дагы букоруеуш башкаларда кайталанат
+2
alhamdulillah
2016-02-24 10:14:29
жаш баланы алдагандай алдаптыр армияга кандай балдар барат баары билет
+2
zara__
2016-02-24 10:27:07
ал психический оорулу болсо неге армияга алдынар анда .жаап салышат эми ушул ишти да ошентип атасынын акчасы жетпей калат иштин тубуно.
+1
tynara81
2016-02-24 10:36:41
Элди жинди деп ойлойбу алар ээ, оорулуу эле, жетелеп жүрчүбүз дегени эмнеси. Жетелеп жүрбөй эле, жараксыз деп кетирип салбайт белеңер деген киши жок. Андан калса, оорулуу болгон күндө деле эмнеге сабашты, ошол суроого жооп беришпейби...
+1
koionik
2016-02-24 10:49:31
Азыр армияга баргандан деле коркосун кандай заманга келип калдык.
0
Azura
2016-02-24 15:48:07
"психикалык оорулуу" болсо военный комиссияны жооп ко тартыш керек,кантип жарактуу деп армияга жиберишти!
0
tasnim
2016-02-24 15:56:25
Достор бул жерде отуруп комментарий жазып олтуруштун кереги жок,проблема да чечилбейт.Сыягы дагы которулушко чыгат окшойбуз акыйкат сурап,качан сот адилеттуулук жасайт.Мындай окуялар бир кун болбосо бир кун биздин да башыбызга келип калышы мумкун,ким билет ар бирибиздин инилерибиз агаларыбыз балдарыбыз бар,Армияга деген мекенди коргоо учун барат ит мышыка окшоп ойноо учун эмес,(колунар сынгыр бир атаны какшатып отурасынар)
+1
89elnura89
2016-02-24 18:21:01
Армияга барыштанда журок безилдейтко, оздорунукун оздору уруп олтуруп уйдо баатыр жоодо жоктор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан