Өлкөдө 1-марттан баштап кургак учукка каршы бир айлык башталат

Өлкөдө 1-марттан баштап кургак учукка каршы бир айлык башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, былтыр кургак учук менен ооругандардын саны бир аз кыскарып, 100 миң адамга 99 туура келген. Ал эми 2014-жылы 100 миң жаранга 101,1 туура келген. Аталган илдеттин 8,9 пайызга күчөгөнү Чүй облусунда байкалган. Өлкө боюнча кургак учуктан каза болуу көрсөткүчү 23 пайызга азайды. Ошол эле маалда бул оорудан өмүрү менен коштошуу учуру Нарын облусунда 16,7 пайызга жана Ош облусунда 6,8 пайызга жогорулаган.

Учурда кыргыз жергесинде кургак учук менен ооруган адамдарды колдоочу 20 топ иштейт: Ысык-Көл облусунда - 6, Чүйдө - 13, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда - 1 топ. Жакын арада Чүй облусунун Аламүдүн районунда дагы 2 топ ачуу пландалган.

Айта кетсек, жыл сайын 24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнү катары белгиленип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан