Баткен. Облустук администрациянын жанында митинг өтүп жатат

Бүгүн Баткен шаарынын облустук администрациясынын жанында эл топтолуп, митинг болуп жатат. Бул митингге Баткен районуна караштуу Бөжөй айылынын тургундары келишкен. Алар Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго Бөжөй айылынан Өтүкчү айылына чейин жол ачып берүүнү талап кылышууда. Алар Сох анклабы аркылуу Өзбекстандын чек арасы менен өтүп, көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышты. 6-ноябрь күнү ошол чек арада кыргыздардын автоунааларын жүргүнчүлөрү менен түнкү саат 1ге чейин тажикстандын чек арачылары кармап тургандыгы буга далил. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Садык Акматов билдирди. Учурда аталган айылдын тургундары менен облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жолугушуусу болуп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан