Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Эгиз балдарга сүйүнчү пул берилеби? 6 айлык болуп калышты. Суроо калтырган Dastan2601
Жооп: - Сүйүнчү пул берилет, бирок ал Бишкекте каттоодо турган үй-бүлөлөргө гана каралган. Шаардык кеңештин жобосу менен эгиз төрөгөндөргө 40 500 сом, ал эми үч эмден көп балалуу болгондорго 81 миң сом берилет. Сүйүнчү пул бир төрөткө бир гана жолу төлөнөт, аны балдар 1 жашка толгуча алса болот. Ал үчүн райондук Социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылып, тиешелүү документтерди топтоп берүү зарыл.
Суроого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан жооп беришти.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.