20-23-февралдарда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков өлкөбүздүн бизнес өкүлдөрү менен Ирандын Тегеран шаарында болду. Бул тууралуу тийиштүү министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул сапарда кыргыз өлкөсүнөн барган делегация бир нече ирандык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Делегациянын негизги максаты - ирандык өнөктөштөрдү инвестиция талап кылган кыргыз жергесиндеги долбоорлор менен тааныштыруу, ошондой эле ирандык тарап кандай долбоорлорго кызыкдар экенин аныктоо. Жолугушууда гидроэнергетика, курулуш, транспорттук коммуникациялар жана пайдалуу кендерди казып алуу тармактарындагы кызматташуу маселелери да каралган.