Баткен. "Супер-Инфонун" аймактык бөлүмүнүн демилгеси менен "Биз таза шаар үчүн!" акциясы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында "Супер-Инфо" гезитинин Баткен облусундагы аймактык бөлүмүнүн демилгеси менен Баткен шаарында "Биз таза шаар үчүн!" акциясы өтөт. Акциянын алкагында шаардын борбордук 4 көчөсүндөгү таштандылар тазаланат. "Демилгени шаардык мэрия колдоп, "Баткен Коммунальщик" АКсы таштандыларды ташуучу унааларды бермей болду",- дейт аймактык кеңсенин координатору Гүлназ Айжигитова. Шаарды тазалоого Ж.Бөкөнбаев жана В.Ленин атындагы орто мектептин окуучулары, БатМУнун алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледждин студенттери катышмакчы. Акциянын аягында жаштар үчүн дискотека уюштурулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан