Бүгүн, 22-мартта Орусиянын Москва шаарында самбо боюнча Дүйнө Кубогу үчүн мелдеш башталып, ага кыргызстандык спортчулар да катышууда. Бул тууралуу КРнын Самбо федерациясы билдирди. Айтылгандай, мелдешке Андрей Тупик жетектеген кыргыздын 10 самбочусу аттанган. Мелдеш 25-мартта соңуна чыгат.