Депутаттар малды каттоо зарылдыгын белгилешти

Бүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинде “Айыл чарба малдарын каттоо жана идентификациялоо тутумун киргизүү" долбоору талкууланды. Долбоордун демилгечиси "Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фонддун төрагасы Ж.Жумабеков азыркы учурда республикадагы эпизоотиялык кырдаалды реалдуу көзөмөлдөөгө, малдарды республиканын ичинде сатууга көзөмөл жүргүзүүгө, мал этин экспорттоого реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугун жана эт, сүт өнүмдөрүн кайра иштетүү секторуна инвесторлордун кызыгуусунун аздыгын өлкөдөгү Мал каттоо жана идентификациялоо системинин жоктугу менен түшүндүрүп берди. Ж.Жумабеков мындай шартта тез аранын ичинде мал башын каттоо жана идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун тезинен кабыл алуу менен кошо идентификациялоо тутумун катар алып кетүү керектигин баса белгиледи. Долбоорго ылайык, айыл аймактарынын ветеринардык кызматкери өзүнө тиешелүү айылдардагы малдын башын каттап, аларды биркалайт. Ошол эле маалда мал ээлери да жаңы төлдөр, чыгымдар (өлүп калган мал) тууралуу маалымат берип туруусу милдеттендирилет. Талкууда мал башын каттоо жана идентификациялоо зарылдыгын бир катар депутаттар белгилешти. Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди "Малдын башын каттоо жана идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эске алуу максатында өкмөткө жолдоо чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан