Тышкы иштер министрлигинде кыргыз тилин жайылтуу жана өнүктүрүү жолдору талкууланды

6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде эл аралык мамилелер жана дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жолдорун табуу жана аларды пайдаланууну ишке ашырууга арналган иш-чара болуп өттү. Аталган тегерек столго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Ч.Түмөнбаева, белгилүү коомдук ишмер И.Абдразаков, белгилүү тилчи-окумуштуу С.Ибрагимов, Манас таануу илиминин адиси, манасчы Т.Бакчиев, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, Дипломатиялык академиянын мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Г.Тургунова жана башкалар катышышты. Иш-чарада Тышкы иштер министрлиги жана жалпы дипломатия чөйрөсүндө мамлекеттик тилди жайылтуу, өнүктүрүү жолдору, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, КРнын ТИМнин Дипломатиялык академиясы тарабынан жалпы дипломатиялык кызматкерлери үчүн мамлекеттик тил боюнча курстарды уюштуруу маселелери талкууланды жана алгылыктуу ой-пикирлер айтылды. Дипломатия чөйрөсүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн ошол чөйрөгө гана өзгөчөлүктүү айрым документтерди кыргыз тилинде жазуу үчүн кызматкерлерге тийиштүү окуу курал, методикалык куралдар, сөздүктөр, справочниктер керектиги айтылды. Аталган курстар боюнча кызматкерлердин катышуусун дайыма көзөмөлгө алуу жана алган билимдерин текшерүү үчүн сынактарды өткөрүү пикирлери да сунушталды.           
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан