Жогорку Кеңештин расмий сайтын 300 миң сомго жасоого тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына 5-мартта жайгаштырылды. Интернет-коомчулукта бул жаңылык катуу нааразычылык жараткандыгынан парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу аталган маселе тууралуу түшүндүрмө берди.
"Биздин сайтты жаңыртуу иш-аракети мен жетектеген басма сөз кызматынын демилгеси менен башталды. Kenesh.kg сайты мамлекеттик органдардын ичинен эң көп окулган жана маалымат базасы дагы ири сайттардын бирине кирет.
Бул сайт 2007-жылдан бери өзгөрбөптүр. 2011-жылы эл аралык уюмдардын жардамы менен бир жолу оңдолуп, ошол боюнча каралбаптыр. Парламенттин ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн сайттын жандуу иштеп турушу абдан маанилүү экенин менин кесиптештерим жакшы түшүнсө керек. Жакындан бери сайтыбыз абдан кеч ачылып, кээде таптакыр иштебей калган учурлар катталып жатат. Себеби жөнөкөй - сайт эскирди",- деп айтылат түшүндүрмөдө.
"Сайттын баасын өтө жогору деп айтууга негиз жок, себеби келечекте мультимедиалык, заманбап жана олуттуу сайтты жасоого бул көп каражат эмес. Биз планшет, ат же бир унаа сатып алып жаткан жокпуз, достор. Айрым сайт жасаган компаниялардын бир эле компьютери 300 миң сомдон кымбат турат. Бишкектеги жеке менчик компаниянын биринде, мен билгенден, Apple үлгүсүндөгү сервердик компьютери эле 30 миң доллар же эки миллион эки жүз миң сом турат. Эгер 300 миң сомго же андан азыраак каражатка биздин сайтты жасап берем деген бирөө болсо, сынакка катышкыла",- дейт ЖКнын басма сөз кызматынын башчысы.