Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Эназар Акматалиев күмүш медаль утту. Ал финалдык беттеште орусиялык Ибрагим Ибрагимовго 5:2 эсебинде жеңилди.
Эркин күрөштөн 70 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Акматалиев финалга чейин канадалык Лахлан Макнилди 2:0, түркиялык Ферхат Киличти 8:3 жана америкалык Зейн Резерфордду 3:2 эсебинде уткан.
Белгилей кетсек, буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов менен Амантур Исмаилов коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алган.