Биз социалдык тармакта

Малик Шаваев дүйнө чемпиондукта коло байге үчүн күрөшөт

Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Малик Шаваев коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 86 килограмм салмакта күрөшүп жаткан балбан көңүл жубатуучу беттеште монголиялык балбан Батбилгун Наадамбатты 7:4 эсебинде жеңди. Эми ал үчүнчү орун үчүн беттеште орусиялык балбан Ибрагим Кадиев менен күч сынашат.
Коло медаль үчүн беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:20да өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан