Нарын. Мэрдин кубогу үчүн спорттук мелдеш жыйынтыкталды

12-ноябрь күнү Нарын шаарынын мэринин «өтмө кубогуна» арналган спорттук мелдештердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, 2012-жыл - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына карата Нарын шаарынын мэринин "өтмө кубогуна" арналган мелдешке Нарын облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар күч сынашты. Таймаш спорттун 5 түрү (волейбол, шахмат, стол тенниси, кичи футбол, баскетбол) боюнча Нарын шаарындагы №5-К.Жакыпов атындагы орто мектепте жана шаардык спорт мектебинде болуп өттү. Шаар мэринин "өтмө кубогу" үчүн мелдешти өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 51 миң 700 сом каралып, байгелүү орундарды алган командаларга акчалай сыйлыктар, дипломдор жана жалпы командалык орундарды камсыз кылган командаларга баалуу сыйлыктар тапшырылды. Жалпы командалык жыйынтык боюнча 1-орунду шаардык билим берүү бөлүмүнүн, 2-орунду облустук спорт мектебинин, 3-орунду №2025 Тайлак баатыр атындагы аскер бөлүмүнүн кызматкерлери камсыз кылышты.                         
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан