Кыргыз өнөрпоздору Берлинде "Улуу Жибек Жолу" көргөзмөсүн тартуулашты

9-ноябрда Берлинде өткөн масштабдуу "Импорт-шоп" көргөзмөсүнө Кыргызстан да катышып, кыргыз маданиятын тааныштырганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыздын өнөрпоздору "Улуу Жибек Жолу" деген аталышта көргөзмө тартуулашты. "Улуу Жибек Жолу" көргөзмөсү салттык сувенирлер, боз үйдүн элементтери, улуттук шырдак жана башка ушул сыяктуу кыргыз улутуна таандык буюмдар менен жабдылды. Ошондой эле ТИМдин басма сөз кызматы көргөзмөдө чет элдиктердин арасында кыргыздын оймо-чиймелери басылып тигилген заманбап кийимдери өзгөчө кызыгууну туудурганын баса белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан