Боршайком чет элдик байкоочуларды каттоодон өткөрө баштады
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата чет элдик байкоочуларды каттоодон өткөрө баштады. БШКдан маалым болгондой, 25-ноябрда өтүүчү шайлоого 6 эл аралык байкоочуну каттоодон өткөрүү тууралуу токтом чыккан. Азырынча Казакстан, Грузия жана АКШнын байкоочулары БШКнын каттоосунан өтүштү.