Жеке ишкер Нарынбек Сариев аялын жана балдарын үйүнөн кубалап чыгарып, киргизбей жатканын жубайы Анара Сариева SUPER.KG порталына 16-март күнү билдирди.
Анара айымдын айтымында, жеке ишкер мыйзамдуу түрдөгү жубайын жана өз балдарын үйүнөн кууп чыкканын, алар азыркы тапта тайларынын үйүндө туруп жатышканын айтты. “Мен үч балам менен өз үйүмө кире албай жатам. Жолдошум үй кароолчуга бизди киргизбөөгө буйрук берген экен. Анысын кой, ал улам бир шылтоолорду айтуу менен менин үстүмдөн кылмыш ишин козгото албай жатат”,- деди Сариева.
Эскерте кетсек, буга чейин Анара Сариева маалымат жыйын өткөрүп, жолдошу Нарынбек Сариев аларга тийиштүү мүлктү бөлгүсү келбей жатканын билдирген.