5-апрелде Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргызстан сулуусу-2013” аттуу улуттук сынак өтөт. Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк сулуулар конгресси жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулууда. Маалым болгондой, аталган сынактын финалына 8 кыз чыгып, жеңишке жетишкен сулуу “Кыргызстандын 2013-жылдагы Ханышасы” наамын алып, 25-майда Бишкекте өтө турган “Сулуулук жана Модель” аттуу эл аралык фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алат.