"Баткенде Кулунду жалпы дагыгерлик борборунун Достук бөлүмүнүн палаталарында эски төшөктөр жок, бейтаптарга жакшы шарт түзүлгөн",- деп билдирди бүгүн, 18-мартта оорукананын атынан байланышка чыккан Алтынбек Султанов.
"Оорукана бардык жагынан таза, матрастар эки жылда бир жаңыланат. Бейтаптардын арыздануусу үчүн атайын куту да коюлган",- дейт Султанов. "Төшөктөр маалымат "Элдик кабарга" чыккандан кийин алмаштырылдыбы?" деген суроого "жок, негизи эле ал жерде эски төшөктөр колдонулбайт" деген жоопту айтты.
Белгилей кетсек, жакында окурмандардын бири "Элдик кабарга" аталган айылдагы оорукананын төшөктөрүнүн эскилиги жеткенин айтып, сүрөттөрүн жиберген эле. Окурман сүрөттөр 2016-жылдын февралында тартылганын кабарлаган.
Төшөктөр эки жылда бир жаңыланса, мурункусунда 2014-жылдын февраль-март айларында, акыркы жолу 2016-жылдын февраль-март айларында жаңыланган болушу да мүмкүн...