Бир катар коомдук бирикмелердин башын бириктирген "Апрель байрагы" коомдук бирикмеси бүгүн, 18-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке колдоо керектигин айтты. Алардын айтымында, жазгы талаа иштери башталып жатканда митинг уюштуруу, нааразычылык акцияларын уюштуруу орунсуз.
"27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бүгүнкү күндө шайлоо системине ишеним бар. Андыктан Адахан Мадумаров, Бектур Асанов сыяктуу оппозициячылар тынч жаткан элди козгобой, айтчу сөзүн депутаттарга айтышса жакшы болмок. Алардын сөзүн депутаттар трибунадан айтышмак. 24-мартта элди чогултуп, референдум өткөрөбүз деп жатышат. Антпей эле 27-мартта шайлоого келишсин. Эл кимди кааласа, ошону шайлап алат",- деди кыймылдын мүчөсү Канатбек Ирсалиев.