Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда

"Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары тактайчаларга орус тилинде жазылганы үчүн даңазалуу эркек адамдарыбыз шаардыктар тарабынан аялдардай аталып калууда". Мындай пикирин бүгүн, 18-мартта жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов билдирди. Анын айтымында, борбордогу көчөлөрдүн аталыштары жазылган тактайчаларды кыргыз тилинде жазып илүү зарыл.

"Шаарда маршруттук такси айдаган айдоочудан баштап үй-бүлө мүчөлөрүбүзгө чейин ар көчөнүн аталыштарына "а" тамгасын кошуп айтабыз. Мисалы, Бөкөнбаев атындагы көчөсүн Боконбаева деп, Күрөңкеев көчөсүн Күрөңкеева деп аташат. Бул такыр туура эмес. Дүйнөдөгү бардык жерде көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылып, туура айтылат. Бизде аталыштарды орус тилинде жазуу - жаңылыштык. Бишкекте эки эле көчө айымдардын атынан коюлган: Бүбүсара Бейшеналиева менен Уркуя Салиева. Аалы Токомбаевдин атын алып жүргөн көчө "А.Токомбаева" деп жазылып турат. Аны кээ бири көзү тирүү балерина Айсулуу Токомбаева атындагы көчө экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Биздин тургундар баарын туура эмес атап көнүп калышкан",- деди Молдоканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alixan-Nookat.2015
2016-03-18 13:34:55
Эн туура айтат жарнамалардыда кыргыз тилинде туура которуп илуу керек.
+6
nelya88
2016-03-18 13:44:29
Alixan-Nookat.2015, туура,жарнамалардын кыргызча котормолорун коруп,бир чети кулкун келсе,бир чети зээнин кейийт. Совет кочосундогу бир дукондун сыртында 'Одежда для всех' деген жазуунун жанына кыргызчасын 'Кийим учун бардык' деп которуп жазып коюшуптур. Бир топ убакыттан бери эле ондолбой илинип турат..
+4
Musabaeva
2016-03-18 14:06:48
nelya88,созмо соз которуп салыптырго))
0
Shpionka
2016-03-18 14:34:39
Эми аран ушу маселе айтылдыбы давноо эле ондоп илип коюш кк болчу.
0
Shef87
2016-03-18 16:18:11
оо кыргыздар кыргызчага токпузбу же кыргыздар орустардан лохпузбу эшек деле оз тилинде ангырайт айткылачы эшекче да жокпузбу
+4
koionik
2016-03-19 22:51:36
Shef87,сизге кошулам
0
alhamdulillah
2016-03-18 18:00:15
Керек болсо баардык жакты кыргызча кылыш керек.Бишкекте кообу кыргызча оз эне тилин билбейт.
+3
finalyear2014
2016-03-18 19:45:06
Эми жеттиби чоңдорубузга
0
finalyear2014
2016-03-18 19:46:30
Биз кыргыз болуп орусчаны кыргызчага которобуз , а кыргызча созду орусчага которбой.
0
behappy74
2016-03-18 20:52:36
Мамлекет деп эгемендик алганга 25 жыл болду ушуну эми коруп атканы кызык экен.Бийлигин ар намысты, эл экенин, кыргыз экенинин унутуп оз чонтогунун, кызмат ордунун кулу болуп келатса тилди ким ойлойт.
0
Aytur
2016-03-19 15:57:30
Туура! Бир жолу бир кыз маршруткада Токтогул кочодон токтотуп коюнузчу дегенди.
-Тактагуладан токтотуп койюнузчу деген.Анда бир киши э кудай сактаа дейтго, тан кала.
0
Svoboda83
2016-03-24 19:34:46
Биринчи Оштон баштап озбек тилинде койулган маданият уйу,эс алуу багын,дукондор,мектептер, мекемелер,кочолордун аттарын кыргызча койушса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан