Британиялык изилдөөчү компания 2016-жылдын дүйнөдөгү эң мыкты аэропортторунун тизмесин жарыялады (фото)

Британиялык "Skytrax" аба-жүк ташууларын изилдөөчү компания 2016-жылдын дүйнөдөгү мыкты 100 аэропортунун тизмесин расмий сайтына жарыялады. Ага ылайык, Сингапурдагы "Чанги" аэропорту төртүнчү ирет "Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт" деп аталды. Анда жыл сайын 54 миллион адам тейленет. Жүргүнчүлөр үчүн кинотеатр, бассейн, дүкөндөр, жадакалса тропикалык өсүмдүктөрү, көпөлөктөрү бар бакча да орун алган.

Экинчи орунда Сеул шаарындагы "Инчхон", андан кийинки орундарды "Мюнхен" аэропорту, Токиодогу "Ханэда" жана "Гонконг" аэропорттору ээлеген. Ал эми "Манас" аэропорту мыкты 100 аэропорттун тизмесине илинген эмес.

Бул сурамжылоого 160тан ашык өлкөдөн 13 миллиондон ашуун жүргүнчү катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aikol87
2016-03-21 17:55:22
Кирбейтта,кооздук эмес сылык мамиле кылганды билишпейт.сыртка чыксан таксиздер зээнинди кейитет.
+20
Musabaeva
2016-03-21 18:02:14
Жомокко
+6
malywka
2016-03-21 19:13:13
Огоо, озунчо эле жомок го.
+6
Mahabat84
2016-03-21 19:28:27
Соонун го
+3
AZIK01
2016-03-21 20:38:58
Азиянын ажыдаарларына айланат окшойт. Менимче Кытайдын аэропорттору Инчон аэропортун артта калтырат.
+1
Aylin.91kg
2016-03-22 00:15:57
Мына сагаааа!!! Биздегилер аман эле болсун да, кантсе да ушинтип кыбырап журуп бир мезгилдерде бизде да болор.
+1
Nazikbaigazy
2016-03-22 00:27:27
Биздин аеропорт биринчи мамиле кылганды уйронуп алсын, ошолор эле иштеп жаткансып жанга тийишет кыйкырышып,
+2
arzygulR
2016-03-22 00:55:22
Оо шумдуко.Биздикилер тынч эле болсун да
+1
Kyrgyz_KG
2016-03-22 06:33:41
Гонконг, Шанхай аэроппорторуна баргам, баары ынгайлуу, аэроппортон чыккан сон метро менен шаарга жетип аласын, баары кузгудой таза
0
realmadrid32
2016-03-22 08:25:18
Биздин аэропортда топ 100 кирмек рейтингди артыны тузгондо
0
Mekuza92
2016-08-28 17:51:56
Кирбей да калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан