Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов коло байге ээси аталды.
Ал үчүнчү орун үчүн кытайлык балбан менен кез келип, 6:5 эсебинде утту. Кыргыз балбаны 82 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Махмудов алгач 5:1 эсебинде египеттик, андан кийин 9:0 эсебинде грузиялык балбанды уткан. Ал эми чейрек финалда азербайжандык атаандашын жеңген эле.
Бирок жарым финалда түркиялык балбанга утулуп, финалга чыга албай калган.