Облустук
администрация жана КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин
Ысык-Көл
облустук башкармалыгы менен биргеликте
10-ноябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк
жаштар күнүнө
карата салтанаттуу иш-чара уюштурушту.
Ага облустун активдүү жаштары
жана студенттери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө активдүү
жаштарга
куттуктоо сөздөр айтылып, алардын ишин баалап Ардак грамоталар
менен катар чакан белектер тапшырылды.
Салтанат КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл
облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 135-токтомунун негизинде уюштурулуп, жолугушууда КРнын
Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин өкүлдөрү
жана КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл
облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Мирбек Асанакунов менен пикир алышып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп
алууга мүмкүндүк
түзүлдү.