Нарын. Шаардагы спорт мектебинин машыгуу залынын ачылышы болду

Бүгүн Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы олимпиадалык спорт мектебинин машыгуу залынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. "2010-2011-жылдары олимпиадалык спорт мектеби машыгуу залын куруу үчүн 1 миллион 422 миң сомдук грант утуп алган. Гранттын өздүк салымы 150 миң сом болсо, шаардык мэрия тарабынан 75 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилди дейт",- шаардык олимпиадалык спорт мектебинин башчысы К.Бошубеков. Машыгуучу залдын ачылышына келген өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү К.Муратбеков үй-бүлөсүнүн атынан 5000 долларлык заманбап спорттук жабдууларды белек кылды.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан