Жалал-Абад. Облуста 10 ай ичинде паракорчулук боюнча 42 кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 2012-жылдын 10 айында кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча жыйынтык чыгарылды. Бул тууралуу ОИИБдин маалымат катчысы Аида Зулпукарова маалымдайт. Алсак, 42 факты боюнча кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп, козголгон 21 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. 2 кылмыш иши тергөө органдарынан качып жүргөн боюнча издөө жарыяланган. 19 кылмыш ишине азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бардык келтирилген зыян 24 миллион 942 465 сомду түзүп, анын ичинен өндүрүлгөнү 6 миллион 772 707 сом. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан