Ырчы Съездбек Искеналиевдин “Жашырасың” аттуу жаңы ыры чыкты. Ырдын сөзү Түмөнбай Байзаковго, обону ырчынын өзүнө таандык. Бул ыр режиссёр Акжол Бекболотовдун “Карт бойдок” аттуу көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган. “Ырдын клиби жакын арада чыгат. Ал эми аталган тасманы май айынын башында көрө аласыздар. Ага мен продюсерлик кылдым, сценарийин Үсөн Дайырбеков жазган”,- дейт ырчы.