Бишкекте кичүү Александр Масляковдун катышуусунда КВНдин Аймактык Лигасынын “Ала-Тоо” аттуу алгачкы фестивалы 3-апрелде өтөт. Маалым болгондой, фестивалга Кыргызстандын атынан 10дой команда, Тажикстан, Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнүн командалары катышат. Мелдештин биринчи күнүндө 8 команда чейрек финалга өтөт. Андан соң жайкы кубок, жарым финал жана финалдык мелдештер өткөрүлөт.