Жаз алды багбан-дыйкандардын баары айдап-себүү менен алек. Рая Төлөгөнованы да көчөт бактарын көзөмөлдөп жүргөн жеринен жолуктук. "Биздин жумуш башталды. Элди сапаттуу көчөттөр менен камсыздашыбыз керек, жаз келди, тыным жок. Бизде азыр алманын 7-8 сорту бар, алмуруттун, өрүктүн, алчанын, кокон гиластын көчөттөрү сатыкка даяр. 5 гектар жерди алакандай бош калтырбай толугу менен иштетебиз. Улам жаңы сорттор менен толуктап, изденип, селекциялык иштерди колго алуудабыз",- деп оюн ортого салды агроном.
Барскоон айылынын тургуну Рая Төлөгөнөва - тажрыйбалуу агроном. Ал эмгек жолун 1975-жылы Покровка айылындагы мөмө-жемиш питомнигинен баштаган. 1987-жылы Барскоон айылынын көл жээгинен 5 гектар өздөштүрүлбөгөн жерди питомник үчүн бөлдүрүп алып, бүгүнкү күндө какыраган таштуу жерди саябалуу бакка айлантып отурат. Учурда Раянын питомниги - жеке эле Жети-Өгүз району эмес, көл өрөөнү боюнча алдынкы питомниктердин бири.
Үч жыл мурун карагаттардын жаңы сортторун "Карагат+" долбоорунун жардамы менен алып келип отургузган. Долбоордун эсебинен Польшадан алынып келинген 3 түрлүү 33 түп карагат көчөтү берилген. Бүгүнкү күндө алардын саны 10 000 түпкө жетти.
"Карагаттын көчөттөрүнө талап абдан көп болуп жатат. Жеке эле көлдүктөр эмес, Нарын жергесинин жакынкы райондорунан да кардарлар кайрылууда. 10 000 көчөттүн баарынын ээси бар, көпчүлүгү акчаларын алдын ала төлөп кетишкен. Анткени Польшанын карагаттары дандуу, түшүмдүү келет экен. Эң негизгиси, терилгенден кийин 3-4 күн эч бузулбастан сакталып, алыска ташып жөнөтүүгө абдан чыдамкай. Биздин чейрек кылымдан берки отургузуп келген жергиликтүү карагатты баарыбыз билебиз, бүгүн терсең, эртең менен эзилип жараксыз болуп калат. Ал эми бул карагаттын даамы да таттуураак болуп, кыям-компотторду даярдоодо кумшекерди анча көп талап кылбайт",- деп сөзүн улады Төлөгөнова.
Карагаттын көчөттөрүнөн калемче кесип алып көбөйтүү, ага мүнөздүү илдеттер менен күрөшүү боюнча маалыматтарды окуу борборлору тарабынан уюштурулган семинарлардан окуп үйрөнгөн.
Ошондуктанбы, калемчелердин дээрлик баары өнүп, жергиликтүү аба шартын жеңил кабыл алып, 90 пайыз өсүмдүүлүгү жогору экен. Карагаттын баасы жылдан жылга көтөрүлүп жатат, ошол себептен багбандар тарабынан да кызыгуу өсүүдө. Анын үстүнө карагат Кыргыз Республикасы боюнча Көл өрөөнүндө, анан Нарындын жылуураак райондорунда гана өсөт экен. Аны багбандар республиканын аймагынан тышкары Казакстан, Орусияга чейин алып барып, жакшы киреше таап алышууда.
Рая Төлөгөнова карагаттын жаңы сортторун жайылтуу боюнча долбоор быйыл соңуна чыгып жатканын айтып, жакында Польшадан алманын жаңы көчөттөрү алынып келинип, көбөйтүү боюнча долбоор ишке киришсе, ага да ийгиликтүү катышсам деген оюн айтты. Союз тарагандан бери кыргыз жеринде мөмө-жемиштердин жаңы сорттору боюнча алгылыктуу иш-аракет болбой келгенине токтолуп, жакындан бери аз болсо да жандануу болуп жатканына кубанарын жашырган жок.