Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы мелдешин аяктады.
Балбан бүгүн, 31-октябрда, эркин күрөш боюнча 74 килограмм салмакта күч сынашып, алгачкы беттешинде АКШнын өкүлү Жеймс Гринге 0:5 эсебинде жеңилди. Америкалык балбан кийинки беттешинде орусиялык спортчуга утулду.
Мындан улам Орозобек Токтомамбетов коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, дүйнө чемпиондугун медалсыз жыйынтыктады.