Биз социалдык тармакта

Японияда аюу менен кагылышкан поезд рельстен чыгып кетти

Япониянын Хоккайдо аралында аюу менен кагылышкан жүргүнчү ташуучу поезд рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-октябрда Вакканай шаарына бара жаткан Саробэцу-3 экспресс поезди жолдон аюуга урунган. Натыйжада поезддин алдыңкы вагону рельстен чыгып кеткен. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Поезддин рельстен чыгып кетишине байланыштуу Отоинэппу жана Вакканай станцияларынын ортосундагы каттам бир күнгө токтотулуп, Асахикава жана Вакканай шаарларынын ортосундагы бардык экспресс поезддер каттабай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан