Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бул кылмыштын бети ачыла элек. Каза тапкан аялдардын туугандары, достору суракка алынууда. Кылмыштын бетин ачууга Чүй ОИИББинин жана Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган кылмыш иликтөө тобу түзүлгөн. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы да даяр боло элек. Алгач "үйгө тоноо максатында кирген" деген версия болгон, бирок тинтүү, текшерүү иштеринен кийин үйдөн баалуу буюмдар жоголбогону жана акчалар ордунда экени аныкталган.
Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин кош бойлуу 24 жаштагы кызы болгон.