Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Аялдардын психоневрологиялык жатак-үйүндө учурда 238 оорулуу аял мамлекеттин камкордугуна алынып жашап келет. Алар республикабыздын бардык аймактарынан алынып келинген. Арасында тубаса оорулуусу бар, кийинчерээк ар кандай кырсыктардын кесепетинен акылынан тайгандары да бар. "Бул жерде баспагандар, "байлатма" деп койгон эң оор оорулуулар да жашайт. Тагдырдын жазмышы менен мындай ооруга чалдыккандардын кээ бири дүйнө капар, кээ бири эмне ичип-жегенин да билбей калышат",- дейт аталган жайда 30 жылдан бери эмгектенген Бейшекан Абдраманова.
"Алар өмүрү өткөнчө ушул жерде калышат. Айрымдарын акыркы сапарга ушул жерден узатабыз, анткени тууган-тушкандары өлгөндү кой, тирүү кезинде эле баш тартышкан. Кээ биринин ата-энесинин, бир туугандарынын колунда бар, аттуу-баштуу эле адамдар, бирок жүрөктөрүндө жылуулук жок, таш боорлор",- деп кошумчалады.
Жатак-үйүндө 100гө чукул адам эмгектенет. Алардын жумушу абдан оор. Бейтаптарга тынымсыз көзөмөл керек. Жазында, күзүндө дарты күчөп, албууттанып, ээ-жаа бербей калышат экен. Андай учурларда түйшүктөрү эселеп көбөйөт. Аларды алаксытууга эмгек терапиясын колдонушат. Сүрөт тартышат, түймө түйүшөт. Тикмечилик менен алектенишет. Ыр-бий ийрими иштеп, майрам күндөрү өнөрлөрүн тартуулашат.
"Биздин мекеменин имараты эски, жылына жалпы жамаат менен бирдикте оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп келебиз. Айрыкча санитардык түйүн, даараткана маселеси кыйнап келген. Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 2,5 миллион сом бөлүнүп берилген. Ал каражатка бардык шарттары бар санитардык түйүн курулуп бүтүп калды. Кир жуучу жай, жаңы ашкана да ишке берилгени жатат. Жеке эле майыптарга ыңгайлуу шарт түзүлбөстөн, жамааттын да жүгү кыйла жеңилдемей болду",- деп билдирди аталган мекеменин директору Нарынкүл Үсөнбаева.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Кумтөр" ишканасынын дүң кирешесинин 1 пайыз үлүшү Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которулуп турат. 2015-жылы 7 миллион доллардан ашуун каражат түштү.
Мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген акча каражаты бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жетишсиз экен. Камкордукка муктаж аярлуу катмардагы аялдарга күзгү-кышкы бут кийим, айрыкча кышкыга жылуу сырт кийимдер, кир жуучу каражаттар жетишпейт. Эң негизгиси, адамдык жылуу мамилеге, кайрымдуулукка зар. Ошондуктан кайдыгерлик каптаган бүгүнкү күндө тагдыры талкаланган майыптарга жардам берүүнү унутпасак.