Кесиптешибиз Адилет Каржоевдин “Сары-Ой” тасмасы “Аль Жазира” эл аралык фестивалына катышат

SUPER.KG порталынын оператору, кесиптешибиз Адилет Каржоевдин “Сары-Ой” аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасы Катардын Доха шаарында өтө турган “Аль Жазира” аталыштагы даректүү тасмалардын 9-эл аралык фестивалына катышат. 18 мүнөттү камтыган тасма айыл жергесинен алыс, тоодо жашаган мүнүшкөр жана анын үй-бүлөсү тууралуу баяндалат. Айта кетсек, “Сары-Ой” даректүү тасмасы буга чейин Казаксатанда өткөн “Бастау” эл аралык фестивалынан “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” аттуу наамын, Орусиядагы “Алтын Витязь” аттуу эл аралык фестивалда “Коло Витязь” статуэткасын алган. Мындан сырткары Орусиядагы "Жер тузу", Казакстандагы “Шакен Жылдыздары” жана Кыргызстандагы “Менин Кыргызстаным” аттуу фестивалдарга да катышкан. SUPER.KG порталынын жана "Супер-Инфо" гезитинин жамааты кесиптешибиз Адилет Каржоевге ийгилик каалайт!  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jakusya
2013-03-27 18:00:06
Ийгилик каалайбыз! Коооп бийиктиктерди багынта бер! Ишеним ийгиликти жаратат дегендей... Куттуктайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан