7 жашар Даниэлдин өлүмүнө шектүү аял күнөөлүү деп табылып, 25 жылга эркинен ажыратылды

Бүгүн, 1-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча соттук кароодо судья айыпталуучу Майрам Акуновага тагылган айыптар толугу менен далилденгенин айтып, ал күнөөсүн мойнуна албаганына карабастан күнөөлүү деп тапты. Жыйынтыгында судья анын мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Судьянын айтымында, Акунованын СИЗОдо өткөргөн ар бир күнү эки күн катары эсептелинип, жаза мөөнөтүн №1-СИЗОдо аткармакчы. "Ал эми жабырлануучу тарап А.Макелеевага моралдык жана материалдык чыгымдарына 500 миң сом өндүрүлсүн" деген өкүм чыгарды.

Айта кетсек, мындан бир нече убакыт мурун айыпталуучуга акыркы сөз берилген учурда ал өзүн өлтүрүүгө аракет кылып, курсагын кескилеп салган. Залда ызы-чуу башталып, курсагы канжалаган айыпталуучуну залдан чыгарып кетишкен.

Өткөн соттук отурумда прокурор айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин баса белгилеп, аны 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ал эми жабырлануучу А.Макелеева бул чечимге макул болбой айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Эске салсак, 2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Даниэлдин өлүмүнө күнөөлүү аял 25 жылга камалып, сотто лезвие менен курсагын кескилеп салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Stervamyn
2016-04-01 17:09:39
Аз.өмүр бою эркинен ажыратыш керек болчу.
+2
elish87
2016-04-01 17:19:29
Сотторго биринчи жолу баа бердим 55555555555 рахамат аз болуптур гоо бирок 12жылга чеийин жок болоот эми
0
sabyr86
2016-04-02 02:09:25
Курсагын эмес моюнун тилбейби өлө турган болсо.
+3
raiana53
2016-04-02 10:42:40
энесинин абалы кандай,алпештеп чонойткон баласын,туну менен уктабай карап ооруса,кубанса кошо кубанып,тили чыгып апа дегенде жетиналбай суйунуп чонойтсо аны бирооле 150 мин сом учун олтуруп кетсе эх кандай адам чыдагыс азап,Аллахым сабыр берсин 1 жамандыктын артында 2 жакшылык бар дейт.Ал эми тиги олтургон аял эки дуйнодо да бактылуу болбойт акыретте Аллах таала тозоктон орун берип катуу сурака алат.Эгер катуу тообо кылбасале.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан