Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев президент Садыр Жапаровго сөгүш бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Социалдык желеге тараган видеодон Жалал-Абад облусуна оорукананын ачылыш аземине барган президент министрге “тигил жак бүттүбү? Сөгүш албай эле ошонун баарын жасап койбойт белең?” деп айтканын байкоого болот. Ал эми министр "сөгүшкө дагы рахмат" деп жооп берген. Ал ортодо УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин "сөгүш да алып туруу керек" деп сөзгө аралашкан.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 8-майда Республикалык диагностикалык борборго пландан тышкары барып, саламаттыкты сактоо министрине нааразычылыгын билдирген. Ооруканадагы маселени чечүүгө эки күн убакыт берип, министрге сөгүш жарыялаган.