Бүгүн, 1-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарында бүгүн жол кыймылын көзөмөлдөөчү жаңы орган ишин баштады. Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-посттук кызматы бириктирилип Бирдиктүү патрулдук милиция деп аталып, жаңыча иштөөгө киришти. ИИМдин билдиришинче, жаңы кызмат 24 саат бою иштеп, иш үстүндөгү кызматкерлер суткасына 3 жолу алмашат. Айдоочуларды тартипке салуучу кызматкерлер Бишкекте - 800, Чүй облусунда - 400, Ысык-Көл облусунда - 160. Ар бир топто үчтөн кызматкер болуп, бирөөсү жол кыймылын караса, экөөсү коомдук тартипке көз салары айтылды. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспектордун кийимине видеорегистратор тагылып, иш процессин толук жаздырып турат.
Бул автокырсык көбөйүп, эреже бузган айдоочулар МАИ кызматкерлерин сатып алып жатышына же, тескерисинче, МАИ кызматкерлеринин чектен чыгышына каршы аракет деп айтылууда. Кандай жыйынтык берерин күтө туралы. Июлдан тарта патрулдук милиция жалпы өлкө боюнча иштеп баштайт.
Бишкекте 7 жашар баланын өлүмүнө шектелген аял сот залынан өзүнө кол салды. Биринчи Май райондук сотунда айыпталуучу Майрам Акуновага акыркы сөз берилген учурда жанын кыюуга аракет жасап, сот жыйыны убактылуу үзгүлтүккө учурады. "Мен актанганым менен мени эч ким актабайт, мен азыр өзүмдү өлтүрүүгө да даярмын" деген айыпталуучу күрмөсүнүн жеңинен чыгарган лезвие менен курсагын бир нече жолу тилип салды. Залда ызы-чуу башталып, курсагы канжалаган айыпталуучуну залдан чыгарып кетишти. Күтүүсүз окуя сот жыйынына катышуучулардын төбө чачын тик тургузду. Айыпталуучу, балким, соттон ырайым болбосуна көзү жеткендиктен өзүнө кол салган чыгар...
Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты. Судья анын мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ош шаарында 19 жаштагы кыз "жездемден боюма бүтүп калды" деп билдирип, милицияга кайрылды. Кыз өзүнүн жездеси зордуктап жүрүп боюна бүтүп калганын айтып жатат. SUPER.KG'ге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, жабырлануучу 2014-жылы шаардагы бильярд клубдарынын биринде жездеси менен чогуу иштеп жүргөндө жездеси аны зордуктап койгонун маалымдаган. Мындан 9 ай мурун дагы зордуктап, боюна бүтүп калганын билдирген. Экспертиза дайындалды, жыйынтыгы жакында билинет.
Кыргыз мамлекетинде доллардын курсу төмөндөөдө. Бишкекте 1-апрелге карата акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 68 сом 20 тыйын, сатуу 69 сом 60 тыйын болууда. Белгилей кетсек, 2015-жылдын декабрь айында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 1 доллардын сатылышы 78 сомдон ашып кеткен. Жыл башынан бери акырындык менен түшүүдө.
Доллардын түшүшү менен өлкөдө жаратылыш газынын баасы арзандады. "Газпром Кыргызстан" ишканасынын билдиришинче, апрелде газдын 1 метр кубу карапайым калкка 15 сом 83 тыйындан берилсе, ишканалар, коммерциялык жана бюджеттик мекемелерге 19 сом 25 тыйындан сатылат. Карапайым калктын колдонгон газы эсептеле турган тариф мурунку айга салыштырмалуу 73 тыйынга арзан.