Кыргыз жеринде Жол-кайгуул кызматы менен Кайгуул-посттук кызматы бириктирилип Бирдиктүү патрулдук милиция түзүлгөн. Учурда патрулдук милиция өз ишин баштады. Бул тууралуу алардын кызматы менен тааныштыруу маалында ички иштер министри Мелис Турганбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, муну ишке ашыруу жумуштары 2012-жылы башталган. "Түнкүсүн жана күндүз иш алып барган патрулдук милицияны бириктирип, бир адистешкен батальон түзүлдү. Эми иштин эффективдүүлүгүн байкайбыз",- деди министр.
Коомдук коопсуздукка көз салып, тартипти сактоого милдеттендирилген патрулдук милиция бүгүн, 1-апрелде Бишкекте, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда өз иштерин баштады. Жол кыймылындагы эрежени сактоону көзөмөлдөө үчүн Бишкек шаары боюнча 800 милиция кызматкери, Чүй облусу боюнча 400 милиция кызматкери жана Ысык-Көл облусу боюнча 160тан ашык кызматкер тартылат. патрулдук милиция 1-июлдан тарта бүтүндөй республика боюнча иштеп баштайт.