Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгын алды

Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" киносыйлыгын алды. Кыргыз киносу "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясы боюнча жеңишти багынтканын орусиялык басылмалар жарыялашты.

"Сүтак" - кыргыздын тоолорунда конуш которуп жашаган көчмөн үй-бүлө тууралуу тасма. Башкы каармандар: Табылды, анын байбичеси Карачач, келини Шайыр жана 7 жаштагы небереси Умсунай. Күйөөсү кайтыш болгондон кийин Шайыр кайын журту менен калууну чечет. Келиндин жашоосунда Эрмек аттуу метеоролог пайда болгонго чейин алардын күнүмдүк тиричилиги бир нукта өтүп жаткан... Жалпысынан тасмада адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
eldar.
2016-04-02 10:39:02
Азаматсыз. Мына ушуларды кино режиссер десен болот. Силерден дагы мыкты кинолорду кутобуз. Болбосо бут эле жакты Тамашоунун женил-желпи кинолору каптап кетти.
+13
take.kg86
2016-04-02 10:43:25
eldar., пикириңе кошулам туура айтасыңайтасың сапаты начарлап баратат азыркы чыккан кинолордун көпчүлүгү
+11
zhykyo
2016-04-02 10:45:04
eldar.,ошондой болуп кетти
+5
zhykyo
2016-04-02 10:48:23
Дивижения кылыш керек деп эле кино тарткандар кобойду
+14
eldar.
2016-04-02 10:58:43
zhykyo,
Бул кепетелери менен жакында "Кыз табыш керек", "Даараткана куруш керек" деген кинолорду чыгарат. )))
+10
ofiser26
2016-04-02 12:11:56
zhykyo, бир эки жылдан кийин ат калбай калганда Асманга таш ыргытыш керек деп тартып калбаса болду.
+10
nelya88
2016-04-02 12:01:06
Кандай сонун жанылык! Дагы да мыкты тасмаларды тартып,коптогон сыйлыктарды багындыра бериниздер.Чын эле саны бар сапаты жок кинолорго бир чара коруу керек.Совет мезгилинде тартылган кинолорчу- мына чыныгы шедеврлар. Азыркы учурда элибиздин ошондой маани-маныздуу,жогорку денгээлде тартылган тасмаларга суусап турган убагы.
+5
aikokul14
2016-04-02 12:50:58
Салмактуу,мааниси терен кино тартылбай жатат,анан эн жакпаган жери эле жакшы тарбия бере турганы жок,качан эле кыргызда аялы куйоосун каргайт эле,коп эле тасмаларда эри аялын уруп,аялы каргап эле жатып калат.
+2
Isken.der
2016-04-02 13:04:34
Көрүш керек экен ушул кинону
+1
nazira1989
2016-04-02 14:09:52
Коментарийлерди окуп бир жылмайып,кааткырып кулуп алдым...;););))))))
+1
bemka.703
2016-04-02 14:40:48
Кинону коруш керек экен. Бизде сапаты начар,маани манызы жок кинолор кобойду. Ошончо акча коротуп тартып жаткандан кийин,кичине ойлонуштуруп иш алып барышса.Эмгектери да бааланып,озуно да,элге да жакшы болот эле.
+2
Birimdik5555
2016-04-02 15:18:12
Ии мынча жылдыздуу,татынакай кыз
+1
aihan77
2016-04-02 15:29:45
Баарынан да кыргызча кинодогу актерлерду кочодон эле таап келип тарта беришеби эмне балее....Эки созунун бирин эле орусча суйлой беришет. Акыркы убакта биздин чала актерлорубуз орусча кыргызча аралаштырып аткарып мода кылып алышты адамдын кыжырын келтиришип. А чындап орусча суйлой келсен ошолордун орусчага "единицасы" тугонуп да калат! Так,нак кыргызча кино тартып уйронгулочу режиссерлор! Отурган,турган,чычкандарына чейин эле тарта бербей:-(
+1
Arzu.kg
2016-04-02 17:44:30
aihan77, эн туура! Адамдын кыжырын келтирген кинолорчу? Актер деген кесипти жылдап окуп, анан иштеп алышчу эле, азыр кочодон калжандап келип эле чала була суйлоп актер болуп калышып жатпайбы
0
algakaray
2016-04-02 16:56:57
Барыбир илгерки кыргыз кинолоруна жетпейт азыркы кинолор.
+1
gulsin
2016-04-02 18:12:31
а кайсы жерден корсок болот экен бул кинону?

0
Siren90
2016-04-02 20:07:08
Мурун азыркыдай мыкты техникалар жок эле сонун кинолорду жаратышкан, эгер ошол кинолорду ошол режиссёрлор азыр техниканын өнүккөн учурунда тартышса оскарды талашсыз алмак деп ойлойм.
+1
nelya88
2016-04-04 00:39:06
Азыр НТС каналында ушул сыйлыкты тапшыруу аземи болуп жатат.Корунуздор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан