Казак депутаттары жана олигархтары “Президент жана бомж” тасмасы сыяктуу кинонун сценарийин жазып, Казакстанда тартууну суранышууда. Ал эми 30-мартта “Президент жана бомж-2” тасмасынын ачылышы болот. Бул тууралуу аталган тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков билдирди. “Бул тасма аркылуу саясатчы, аткаминерлерге өз ишин так аткаруусун жеткиргим келди. Мындан сырткары чет өлкөлүк депутаттардан да ушундай тасма тартуу сунушу келүүдө”,- деди ал. Айта кетсек, 2-тасмага актёр Аскат Сулайманов режиссёрлук кылып, тартуу иштери Кыргызстан, Казакстан, Германия жана Францияда жүрдү. Эскерте кетсек, “Президент жана бомж” тасмасы өткөн 2012-жылдын 16-июнь күнүндө жарыкка чыккан.