Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында бүгүн, 10-апрелде жер титиреди. Жер силкинүүлөр саат 14:00 жана 16:30 чамасында болгонун окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашты. Айтылган маалыматтарга таянсак, кырсыктан жабыркагандар жок. Жер титирөөнүн күчү Кара-Суу, Кадамжай, Лейлек, Аксы райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларында сезилген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.