Жантөрө Сатыбалдиев ЮНИСЕФтин директору Мари-Пьер Пуарье менен жолугушту
Бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЮНИСЕФтин КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча директору Мари-Пьер Пуарье менен жолугушту. Жолугушууда ЮНИСЕФ менен Кыргыз өкмөтүнүн энелерди жана балдардын ден соолугун коргоо боюнча кызматташуу тууралуу талкуулашты. Ошондой эле Мари-Пьер Пуарье Жантөрө Сатыбалдиевди Кыргызстанга болгон 3 күндүк иш сапарынын жыйынтыгы менен тааныштырды.