"Атам Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн акча сунуштап, тааныштар аркылуу коркутуулар болууда" дейт "пара алып жатканда жүрөк оорусу кармап каза болду" делген кызматкердин уулу

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн акча сунуштап, ар кандай коркутуулар болууда. Бул тууралуу 12-апрелде маалымат жыйынында маркумдун уулу Адылбек Гапаров билдирди.

"Менин үй-бүлөмө акчанын кереги жок. Атамдын таза аты жана кадыр-баркы баарынан өйдө турат. Биз бирөөнүн акчасын алып жашабайбыз. Атамдын өлүмү боюнча ишти жабуу үчүн тааныштар аркылуу канча акча аларыбызды сурап, андан баш тартканыбызда "бизнесиңди жоготосуң" деген коркутуулар болууда. Биз атамдын акча алганы тууралуу видеону бүгүнкү күнгө чейин көрө элекпиз. Бул иш боюнча иликтөө толук кандуу жүрбөй жатат. 45 күндөн бери эч кандай далил буюмдарды көрө алган жокпуз",- деди А.Гапаров.

Айта кетсек, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кызматкеринин өлүмү боюнча УКМКнын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek2070
2016-04-12 12:06:40
Бизде качан чындык окум сурот ээх окунучтуу. Супер айтсанар неге коп темаларга талкуу бамбук?
+1
admin_portal
2016-04-12 12:23:42
Belek2070, саламатсызбы!
"Саясат" рубрикасына гана комментарий жазуу мүмкүнчүлүгү жабылган. Себеби, провокация жаратуучу комментарийлер көп жазылган.
0
aibek90
2016-04-12 12:24:24
Belek2070,бизде еч качан чындык окум сурбойт
0
Neymarf
2016-04-12 13:10:56
Бизде Кытайдагыдай же Тундук Кореядагыдай мыйзам киргизиш керек мен колдомокмун, бироону алдадынбы, же кызмат ордундан кыянаттык менен пайдаландынбы катуу жазалаш керек элдин алдына чыгарып туруп, а бизде кайдан карга карганын козун чокубайт деп коёт, 1 айдан сон ооруп, дарыланып атат деп анан чет олкого кетти дей бер, бирок кыргыз элим биздин кочодо да майрам болот буюрса мен ишенем, Аллахым эл учун иштеген адамдарды апкелип мекенибиз гулдоп осот буюрса,Россияда журобуз мекенибизде жумуш жок!
0
Saltan1719
2016-04-12 13:48:01
Админ ушул иш боюнча кененираак жазсаңыздар бир туугандарынан интервью алып чын төгүнүн элге жеткирип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан