Бишкекте мектептин тосмосун бузуп кирип, 8 жашар баланы сүзүп анын өлүмүнө себепкер болгон мас абалдагы айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 11-апрелде саат 17:15 чамасында мас абалдагы адам Эне-Сай жаңы конушундагы №21-орто мектептин тосмосунан унаасы менен өтүп кирип 8 жаштагы Эдил аттуу баланы сүзүп алган. Жабыр тарткан бала алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болду.
Аталган фактыга шектүү катары 17 жаштагы С.В. аттуу мас абалдагы жаран камакка алынды. Ал унаасын башкара албай калгандыктан мектептин тосмосун сүзүп кирип кеткенин тергөөнүн жүрүшүндө билдирген. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.