Аламүдүн районунда катуу ылдамдыкта келаткан унаанын айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп, окуучу 29 метрге учуп барып кулаган, учурда абалы оор

Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында жогорку ылдамдыкта келаткан коомдук унаанын айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Катуу соккудан улам окуучу 29 метрге учуп барып кулаган, учурда абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына жол кырсыгынын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя саат 11:40 чамасында болгон. Анда жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бараткан 2-класстын окуучусун катуу ылдамдыкта келаткан №180-коомдук унаа сүзүп кеткен. Айдоочу унаасын токтотууга аракет кылган, бирок үлгүрбөй калган. Катуу соккудан улам бала 29 метрге учуп барып жерге кулаган. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Ал эми айдоочу милицияда экени маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bakaiBBBB
2016-04-12 15:21:58
Ушу окучууларды сузгон шоферлер мойнунар узулсун! Акырын айдашпайт.
+4
elmurat.kg
2016-04-12 15:22:44
алла озу сактасын кырсыктан...эчким башына тушпосун мындай көргүлүк...балага да аллахым шыпаасын берсин...ООМИЙН
+3
Azura
2016-04-12 15:22:49
нээн дурайындар,айдоочулар сак болушса, балдарым келип жаныма отурмайынча журок оорумай болду!
+7
naka11
2016-04-12 15:35:51
Жолдон гаилерди алып салгандан бери шоферлор каалагандай айдап калды
+5
raiana53
2016-04-12 15:46:33
Алла шыфаасын берсин кандай кана окунучтуу байуш ата энесине кайрат берсин
+2
Karalina
2016-04-12 16:00:17
Кудай озу сактасын балдарыбызды! Аман-эсен айыгып кетсе экен.
+3
ayjamal83
2016-04-12 16:41:49
180 маршрутка,деги эле катуу айдашат. Бир жолу катуу айдап,алдынан бир машина чыга калып,катуу тормоз берди эле,алдыда келе жаткам,башым

катуу тийген,1 айдай башым ооруп журду.
+4
Medina87
2016-04-12 17:21:07
Балакайдын аман-эсен айыгып кетишин Кудайдан тилейм!
+2
incognito1
2016-04-12 17:34:54
Жакшы болуп кетсин, кудай шыпаасын берип. А айдоочуну 10-15 жылга темир торго отургузуп коюш керек, ошондо ушундай оту жарылган айдоочуларга сабак болот! Особенно маршрутчики как хотят, так и ездят. Вообще беспредел!
+2
Isken.der
2016-04-12 18:40:51
Астаафирлах, 29 метрге?? шаарда да ушунчалык каттуу айдайбы? Жол бузсаң акча төлөп кетип каласың, а бирөөнүн өмүрүн ойлошпойбу булар...Өпкөсү жоктор!!! Бизде метро курулганча канча кылым өтөт экен э? ошондо бир аз адамдар коопсуз жүрөт белее? Азыр жолдун 60%ы коомдук унаа менен эле толуп калган...Гонка ойногондой бири-бирин кууп жүрөт...АЛЛАХ кырсыктан сактасын, жолдо наушник укпай, келме айтып жүрсөңөр..
+3
ainur78007
2016-04-12 19:18:48
Бул эмне деген реформа болду?гаи жок деп жол эрежесин бузгандарды кундо коруп атам.потрулдук машинелер тулкудой анда санда кылак этип корунгону болбосо,потрул кылганы деле билинбейт.гаини жок кылат экенсинер ар бир кочого камера орнотулгандан кийин жок кылса болбойбу шоопурларды коптурбой.
+3
osh0892
2016-04-12 23:13:35
Кырсык каш кабактын ортосунда дейт.кудайым боодо кырсыктан сактасын.айыгып кеттсин кудайым шыпаасын берип.
0
begai93
2016-04-13 06:01:43
Шафер башы менен жооп берсин! Балага ден соолук, узуун омур берсин Аллахым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан