Таласта "өспүрүм кызды зордуктап жүргөн" деп айыпталган жарандын иши кайра кароого жөнөтүлдү

Таласта "бир канча жылдан бери өспүрүм кызды зордуктап жүргөн" деп айыпталган Эрлан Дөлөновдун иши кайра кароого Бакай-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына жабыркаган кыздын адвокаты Чолпон Кудайбердиева билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Жогорку Соттун судьяларынын чечими менен Бакай-Ата райондук жана Талас облустук сотунун чечимдери жокко чыгарылып, кайрадан кароо максатында иш Бакай-Ата райондук сотуна жиберилди.

"Бакай-Ата райондук соту айыпталып жаткан жаранды Кылмыш-жаза кодексинин “сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үй камагына бошотуп жиберген. Ал эми “зордуктоо” беренеси боюнча аны актап койгон",- деди Кудайбердиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baxa-93
2016-04-13 03:31:27
Тобо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан