Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Жыйында депутаттар С.Жээнбековго каалоо-тилектерин айтышып, өлкөгө инвестиция тартуу боюнча ишке өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.
Айта кетсек, буга чейин КСДП фракциясы жабык эшиктин артында жыйын өткөрүп, С.Жээнбековдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин жактырган. Жакын арада парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары жыйындарын өткөрүшүп, С.Жээнбековдун талапкерлигин карашат.